Бишкекте Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда ооруканада абал оор.
"Биздин дарыгерлер күнү-түнү иштешти. Оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткандары да бар. Азыр ооруканада жаткан бейтаптарды бошотуп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзөбүз. Обсервацияда жаткан дарыгерлерге дагы убакыт бериш керек. Андан кийин гана оорукана иштөөгө өтөт. Азыр бейтаптарды жана койкаларды 6-ооруканага көчүрүүгө уруксат берилген министрдин буйругу даяр", - деди ал.