Кытай эпидемиологу Италия эмне үчүн коронавирус менен эффективдүү күрөшө албай жаткандыгын айтты

Италияга келген Кытай эпидемиологдорунун экинчи тобунун башчысы Цю Юньцин өлкөдөгү, ооруканадагы абал тууралуу маалымат берип, эмне үчүн Италия коронавирус менен эффективдүү күрөшө албай жаткандыгынын себебин айткан.

Италияда коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жатканына байланыштуу Кытайдан эксперт-эпидемиологдордун экинчи тобу тартылган. Топтун башчысы Цю Юньциндин айтымында, Италия коронавирус пандемиясы менен эффективдүү күрөшө албай жатканынын эки себеби бар. Ал эң чоң маселе катары медициналык кызматкерлердин жана реагенттердин жетишсиздигинен көпчүлүк текшерүүдөн өтпөгөнүн жана азыркы күнгө чейин инфекциянын булагы ким болгону аныктала электигин белгилеген. Ошондон улам италиялыктар коронавируска кабылган адам менен коомдук жайда бир болуп, байланышып жүрүшү ыктымал деген. Ал "Эпидемия менен күрөшүүдө алгач инфекцияны тараткан адамды тапмайын коронавирус жуктургандарды дарылап, ооруканадан чыгаруудан ойдогудай жыйынтык чыкпайт" деген.

Ошондой эле ооруканадагы дарыгерлер изоляция тууралуу толук маалымдалбаганын билдирген. "Палаталарда бир учурда 100дөгөн бейтап жатат. Мындай учурда ар кандай инфекциялар аралашып, кайра башкаларга өтүп кетиши ыктымал", - деп билдирген Цю Юньцин.

Кытай эпидемиологдору Италияга кытай медицинасынын дарыларын ала келип, практикада колдонушууда. Учурда 400дөн ашуун бейтапка жардам көрсөтүшкөнү айтылат. Эпидемиологдун айтымында, кытай медицинасынын дарылары коронавирустун жеңил түрү менен жабыркагандарга жана вирустун алдын алууга жакшы таасирин берет.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nuri1988Elim2010
2020-03-26 19:19:28
Каякты караба Кытай, вирус тараткан да Кытай, жардам беримиш болгонда Кытай, даарысын тапканда, даарылаганда Кытай,
Кытай дегенди уккумда, көргүм да келбейт калды,
Эң таза эл бул мусулмандар,
+9
Jaka78
2020-03-26 23:59:42
Nuri1988Elim2010,мен дагы,итиркейим келет,кудай өзүң кечире көр
+1
Bless
2020-03-26 20:29:22
Coronavirustanda otkon virus bul ashkeere fanatistik dinchil koz karash,fanatistik oy tutum jana aggressivduu jektoochuluk..
Virustu ilim tehnikanin kuchu menen erteli kech darisin taap
Jengse bolot.
Birok butundoy bir uluttun tagdirin,kelechegin,ozduk jana kimdigin jeerip talkaloochu ashin gan dinchil fanatizimden kutuluunun jolun azirkiga cheyin ilimda,oylop tabuuchulukta izildep andan jakshi bir jiyintikka kele algan jok..
0
MOTOP
2020-03-26 21:42:53
Bless,тупатуура айттын.
Короновирустан да откон вирус бул ашкере фанатистик динчил коз караш, фанатистик ой тутум жана агрессивдуу жектоочулук.Буга дары жок.
0
Myrzan
2020-03-27 10:35:17
Bless,Абдан туура жазылган комент экен! тилеке каршы,ушундай диндик фанаттык коз караш' озгочо бизде коп болуп жатат.
-1
Aikaaaa
2020-03-26 20:37:46
Бул биздеги обсервацияда жаткандарга да таң калам да, бир зданиеге канчалаган кишини тыгып салышат. Анан 14күнгө чейин жатышса, ал жерде балким оору жуктурганы бар, соосу бар. Бири бири менен контакт болот да, анан жуктуруштары толук мүмкүн. Рискованный жашоо!
+2
baku24
2020-03-26 21:37:42
Aikaaaa, ошо да бизде да баарын бир апарып тыгып атат го. Олбодубу арасында жуктургандар болсо.Кытайлардан улгу алгыла.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан