Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынын берди.
Анда республикалык штабдын чечимине ылайык, экинчи этап менен иштөөгө уруксат берилген ишмердүүлүктөр тууралуу айтылды.
"21-майдан тарта республикалык штабдын чечими менен жана Ош шаарынын мэриясынын берген сунуштарына ылайык бир катар ишмердүүлүктөргө ишин баштоого уруксат берилди. Алардын арасында бут кийимдерди оңдоо, эмеректерди чогултуу жайлары, автоунаа базарлары, жеке үй-бүлөлүк мончолор бар. Бул жерден коомдук, жалпы мончолор иштебей турат.
Мындан тышкары ичинде бассейни жок мейманканалар менен конок үйлөргө дагы иштөөгө уруксат берилди", - дейт Саибжан Турдуев.