Бүгүн, 28-апрелде социалдык тармакка элдик штабдан келген азык-түлүктүн ичинде кызылча жана пияз чириген абалда таратылганы боюнча видео чыкты. Анда видеону тарткан жаран окуя кандай болгонун айтып берген. Айтымында, жардамга келген азык-түлүктүн ичиндеги пияз жана кызылча жегенге эмес, кармоого мүмкүн эмес абалга келип, чирип кеткен.
"Эмне үчүн эл муктаж болуп, көйгөй күч болуп турганда, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, мындай чирип кеткен кызылчаларды салып, эптеп эле берди деген атты кылып жатышат, нааразымын", - деп билдирген ал.
Ал эми жаран бул боюнча штабга байланышканда, алар "өз чөнтөгүмдөн берип жатканда, унчукпай ала бер да" деп жооп беришкен.