Кыргыз-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуулар кайрадан жанданат

Кыргыз-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуулар кайрадан жанданат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

"Республикалык ыкчам штаб тарабынан Кыргыз-Кытай чек арасы аркылуу унаа каражаттары менен жүк ташууларды жандандыруу маселеси каралды. Коңшу өлкөгө тийиштүү нота жөнөтүлдү", - дейт Эркин Асрандиев.

Кыргыз өлкөсүнүн тиешелүү мамлекеттик органдарына "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө жайларында жүк ташууну жандантуу боюнча кытай тарап менен даярдык көрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле кыргыз жүк ташуучулары үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Кытайдан импорттолгон товарлардын түзүмүн талдоо көрсөткөндөй, чек аранын жабылышы жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө, жабдууларды ташууга бир кыйла таасир берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
atanazarov10
2020-03-26 19:20:49
Кытай талап кылып жатат да жукторун экспорт кыла албай, бир ХХХХ отуруп тургула, ачбагыла чек араны!
+17
Osh2017g
2020-03-26 19:26:05
Анда эл эмнеге уйлорундо отурушат.
+15
murat17
2020-03-26 19:27:27
бир аз эртереек
+11
bond0202
2020-03-26 19:46:56
кытайлар товарын экспорт кылыш учун карантинди алды.ал жакта канча адам ооруп атат эч ким билбейт.кудай эле сактасын эми
+12
nurali1989
2020-03-26 20:07:47
Сабр кылып тургула, кемчилдиктин артынан кемчилдик кетирип, Италия болуп журбойлу. Кытайдын товарына, азырынча эл муктаж эмес. Карантин болуп жатса, тем боли.
+10
patiydin
2020-03-26 20:11:20
Ачканга себебчи инсан Эл душманы.
+6
Mamytovv_n
2020-03-26 20:15:24
Кытай чек арасын ачбагыла вирустун баары ошол жактан чыгып жатат
+7
sirenaaaaa
2020-03-26 20:57:41
Вирус жуктургандар грузга жуктуруп коюп, аны биздикилер тушуруп кайра кучоп кетпесе экен
+4
Islambek123
2020-03-26 21:19:51
Жок дегенде бир ай койо турса болмок,кытайсыз эле жашап туралы.
+4
Luna15
2020-03-26 22:15:24
Айбандар го,анда эмнеге карантин деп отурабыз,мээ деген кайда?Акча десе булар кырылып калаарыбызды ойлобогон ХХХХ немелер экен
+4
tina-Tin
2020-03-26 23:11:43
Ачпагыла
+1
Munar8625
2020-03-27 03:44:53
Кайдагы чек ара кытай менен , биз 4 кундон бери москва ош катамы менен шереметов аба майданында жатабыз Кыргызстан Кыргыз жарандарын киргизе албай жатса кайдагы чек ара .
+1
Globalnews
2020-03-27 08:14:49
Тушунугунор ушунчалык ыйлата тургандай экен, соз жок. Экономика нолго тушсо силер жыргайсынарбы, бир нерсе болсо эле окмотко асылмай, канча аракет кылса деле жамандап бутпойсунор, чекара жабык болсо товарные запасы тугонуп кымбатчылык болот, жокчулук болот, ошондо жыргайсынар. Тушунугунорду бир аз кенейткилечи, реальный мирде жашагылачы, окмотко Кичине ишенгилечи, бир гана негатив, эч кандай позитив жок! азыр кытайда вирус 0, билбесенер билип алгыла.
0
murgab2014
2020-03-27 09:06:59
Globalnews, Ун продукта кирбесе Кытайдан товарный запас тугонду дегиндей калган кытайдын барахулосун карантинден кийин эле иштетпесек азыр керек эмес ачпай эле турсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан