Социалдык тармактын колдонуучулары Жалал-Абадда эпидемиологиялык кырдаал курч экенин айтып чыгышты. Тагыраагы, интернет колдонуучулар тарабынан "бейтаптардын туугандары өздөрү кычкылтек баллондорун таап, колго жасап, толтуруп, кычкылтекти терезе аркылуу палатага тартып жатат" деген билдирүү тараган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Жалал-Абад облустук ооруканасында жаткан бейтаптарга толук кандуу медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти. Аталган бейтапкананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев жогорудагы билдирүү боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.
"Социалдык тармактарда ооруканада бейтаптар үчүн кычкылтек концентратору жетишсиз деген маалымат тараган. Бул маалымат толугу менен ишенимдүү эмес. 23-октябрга карата облустук ооруканада коронавирус инфекциясы менен ооруган 113 бейтап дарыланып жатат. Биз жай мезгилинде эле суюк кычкылтек менен камсыз болгонбуз. Баллондорду Майлуу-Суу шаарындагы май куюучу жайдан толтурабыз. Ал эми маалымат тараган күнү баллондорго кычкылтек толтурууда маселе жаралган.
Бейтаптарды суюк кычкылтек менен камсыз кылуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө болуп, маселе чечилди. Дүрбөлөңдүн кереги жок, мындай учурларга ооруканада 90 кычкылтек концентратору бар, ал эми "Бакыт" реабилитациялык борборунда 41 кычкылтек концентратору бар. Ал аппараттар муктаждык болгондо колдонулат", - деп белгиледи Ботокараев.