Италиянын ооруканасында иштеген Кыргыз жараны: "Коронавирус менен 100 киши ооруп калды дешет, чындыгында 1000 киши ооруган болот"

Дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус COVID-19 илдетинен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүн, 27-март саат 13:00гө карата коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси жарыяланган. Анда Италияда каза болгондордун саны 8215 адамга жетип, бул мамлекет дүйнөлүк тизменин сап башына чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Италияда жашап, иштеп жана окуп жаткан мекендештерибизден кабар алып, алардын абалын жана Италия мамлекетинде болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу сурады. Италиянын "Azienda di Servizi alla Persona Vittorio Emanuele II" (Кары адамдар үчүн реабилитациялык борбору) ооруканасында иштеп жаткан Кыргыз жараны Канат Кубанычбек уулу коронавирустун жайылышын алдын албаса, вирус күчөп, аны токтотуу оор болорун айтып берди.

- Италиянын кайсы шаарында жашап, иштейсиңер? Ал жакта өзгөчө абал, коменданттык саат киргизилди беле?

- Биз Италиянын борбордук бөлүгүндөгү Фабриано деген кичи шаарчасында жашайбыз. Бул жакта өзгөчө абал жарыяланган. Бирок коменданттык саат киргизилген эмес. Учурда бул жакта жарандарга жумушка барууга, дүкөндөн азык-түлүк алууга, дарыканага барып, ит менен сейилдеп келүүгө гана уруксат берилген.

- Карылар ооруканасында иштөө кооптуу эмеспи? Кызматкерлер үчүн кандай коопсуздук чаралары каралган?

- Ооба, биздин оорукана кандайдыр бир илдетке кабылган кары, улгайган адамдар үчүн иштейт. Бирок бул жакта коронавирус жуктуруп алган бейтаптар жок. Ооруканага вирусту киргизбеш үчүн бардык күч аракетибизди жумшап жатабыз. Бул жакка кызматкерлер жана ооруган, улгайган адамдардан башкасына кирүүгө тыюу салынган. Эгер кызматкерлер арасында ооруп калгандар болсо (коронавирус эмес башка оорулар), алар үйлөрүнө жөнөтүлүп жатат жана жумушка чыккан жок. Мындай шартта калган кызматкерлерге оор болуп калат экен, анткени эки эсе көп иштөөгө туура келип жатат.

- Буга чейин Айгерим Кенжебаева италиялыктар дагы деле эрежени сактабай көчөгө көп чыгып жатканын айтып берди, эмне себептен италиялык жарандар вирус коркунучуна карабастан мындай мамиле жасашууда?

- Италиялыктар эркин жашоо стилине көнүп калышкандыктан, тартипке көнбөй жатышат. Ошондой эле демократия түшүнүгүнө аябай берилип кетип, укпай эшикке чыга беришкендиктен, оору аябай тарап кетти. Бул өлкөдө медициналык технологиялар бар, каражат жетиштүү болгондуктан, бейтаптарды жакшы карашат. Айрымдарын айыктырып дагы жатышат. Ага карабай каза тапкандардын саны өсүп жатат. Өнүккөн мамлекет болсо деле вируска туруштук бере албай, медициналык кызматкерлер, медициналык шаймандар менен технологиялар жана лабораториялар жетишпей жатат. Италия ушундай мүмкүнчүлүгү менен вирусту жеңе албай жатат. Андыктан коронавирус пандемиясына өтө олуттуу мамиле жасаш керек деп айткым келет.

- Кыргыз өлкөсүндөгү абалды угуп жатасыз да, мекендештерге айта турган сөзүңүз барбы?

- Кыргыздарда деле Италиядай башталып жатат. Анткени италиялыктар бул нерсе жаңы башталып жатканда "вирус бизге келбейт, андан коркпойбуз. Куран окуп коёбуз, Кудайдан суранып коёбуз" дешип көчөгө чыгып жүрө беришти. Андан кийин оору катуу күчөп кетти. Бул вирус жайылып кеткенде аны токтотуш өтө эле оор болот. Мисалы коронавирус менен 100 киши ооруп калды деп айтылганы менен, чындыгында 1000 киши ооруган болот. Ал эми калгандарында убакыттын өтүшү менен аныкталат деген сөз.

Биздин мекендештерге мамлекет айткан эрежелерди сактап, үйдө отуруш керек деп айткым келет. Себеби вирус бир тараса, абдан күч ала баштайт. Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын ден соолугун ойлош керек. Алар ооруга чалдыкса эч ким жардам бере албай калышы мүмкүн. Азырынча бул вируска вакцина жок жана вирус мутация болуп турат. Акчасы барлар мурункудай чет мамлекетке чыгып дарыланып келе алышпайт. Кыргыз өлкөсүнүн климаты кургак болгондуктан, чаң көп учат. Андан тышкары көмүр жагылат, автоунаалар бензин менен жүрөт. Мындан улам өлкөдө, айрыкча Бишкек шаарында аба абдан кир. Ошондуктан адамдардын өпкөлөрү алсыз болушу мүмкүн.



Италияда оору башталып жатканда мен деле корккон эмесмин, биолог болгондуктан үй-бүлөмө, жакындарыма жана досторума "коркпой эле койгула" деп айткам. Бирок азыр дүйнөдө болуп жаткан кырдаал, азырынча бул вируска каршы тура алган мамлекет жок экенин көрсөттү. Кыргыз элим, ден соолукта, аманчылыкта болуш үчүн үйдө отуруңуздар, бул ооруну тартип жана тазалык менен гана жеңе алабыз!

- Маегиңизге рахмат, саламатта болуңуз.

Коронавирус күч алган Италиянын көчөлөрүнүн учурдагы көрүнүшү
Италиянын Фабриано шаары. Коронавирустан улам ээн калган көчөлөр
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
iryi1
2020-03-28 08:47:08
Бизде элуу киши деп коюп, 500 кишиден ашып кетсе керек.
+3
Samatalibei
2020-03-28 09:38:33
Азыркы жашап жаткан күндөрүбүз биз үчүн мурда ойубузга да келчү эмес. Азыр мурдагыдай күндөр эмес мечитке барам десек да баралбайбыз мечиттер жабык! Эркин басып каалаган жака барам десек да баралбайбыз жолдор жабык! Мурда Аллахтан күнөөлөрубузду кечиришин сурансак азыр мурдагы тынч эркин жашообузду суранып калдык. Аллах кааласа жашообузду заматта өзгөртүп койот экен көрүп турабыз өзгөргөнүн! Каронавирус менен көптөгөн адамдардын ажалы байланыштуу экен Аллах алып кетип жатат.
+15
Gukush8993
2020-03-28 19:48:04
Samatalibei,баары убактым жок,бошобой жатам деп намаз куран китеп окубай калды эле эми кандай шылтоо болор экен кудайым убакыт да берди жумуш деп тууган урук уй булосун да толук корбой билбей калгандар бар эле кудайым эми сыноо берди эми намаз окуп кудайды кобуроок тааныйлы
+2
iryi1
2020-03-28 09:57:50
Жараткан ыйык Тенирим кыргыз элимди кырсыктан сактасын. Тенирим колдосун.
-17
Aikaaaa
2020-03-28 12:07:05
Каяктагы куран, каяктагы дуба, именно ошентип жүрүп жуктуруп келип атышса, өзүңө ишен, таза жүр, коюлган талаптарды аткар. Болду
-13
Bless
2020-03-28 13:31:19
Ен туура айттыныз.
-8
Mirlan27011987
2020-03-28 21:29:43
Куран, арабча дуба окуганы менен маселе чечилмек беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан