Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана бишкектик "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин коронавирус пандемиясы тууралуу Кыргыз элине жана футбол күйөрмандарына кайрылуу жасады.
"26-март күнү Кыргыз улуттук курамасы Вьетнам курамасы менен жолдоштук беттеш жана 31-мартта Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турниринде Мьянма курамасы менен конокто ойномок. Бул оюндар баардыгыңыздарга белгилүү болгондой, ФИФА жана АФК уюмдары тарабынан белгисиз убакытка жылдырылган. Бул туура чечим. Коопсуздук жана ден соолук баарынан маанилүү.
Футбол ар бирибизге кубаныч жана ырахат алып келет. Бирок биз азыркы кырдаалда футболду кийинки орунга коё турушубуз керек. Мен билем, биздин күйөрмандарыбыз кайсы жерде ойносок дагы колдоп келишет. Айрыкча өзүбүздүн стадиондо ойногондо. Биз азыркы убакта бири-бирибизге колдоо көрсөтүшүбүз керек. Биздин ден соолугубуз үчүн кам көрүп жаткан дарыгерлерди колдошубуз керек. Алар чыныгы баатырлар.
Бул татаал күндөрдө биз бир команда болуп, эрежелерди сактап жана үйдө болушубуз керек. Мен ишенем, биз жакында стадиондон жолугабыз. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жакшы караңыздар!", - деп кайрылган башкы машыктыруучу.