Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылды

Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылды. Бул тууралуу облустук штабдын басма сөз кызматынан маалымат таратты.

"Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки апталык үй карантинине жиберилди. Алардын экинчи этабындагы анализдеринен COVID-19 табылган жок. Облуста жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Учурда 84 адам обсервацияда калууда, ал эми 3 адамдын анализдеринен COVID-19 табылгандыгына байланыштуу инфекциялык бөлүмүндөгү изоляцияда жатышат", - деп билдиришти штабдан.

Бүгүн, 7-апрелге карата өлкө боюнча 228 адам коронавирус менен ооруп жатат. Алардын ичинен 19у медицина кызматкерлери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан