Кыргыз өлкөсү Кытайдан гуманитардык жардам жана коронавирус боюнча медициналык эксперттерди жөнөтүүнү өтүндү

Коронавирустун жайылышына каршы зарыл болгон буюмдарды сурап Кыргыз өкмөтү Кытай Эл Республикасына кайрылды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Анда жазылгандай, Covid-19 коронавирусунун жайылышынан улам түзүлүп жаткан шарттарда Кыргыз Республикасынын өкмөтү кыргыз тарабына тест-систем, реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медициналык персонал үчүн индивидуалдуу коргонуу каражаттары, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоочу багыттагы каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө кайрылды.

"Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн медициналык эксперттерди жөнөтүү жөнүндө өтүнүч билдирилди. Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн коронавирус менен күрөшүү боюнча салымын жана күч аракеттерин жогору баалап, ушул оор учурларда колдоо жана жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирет", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан