"Шалаакылыктын айынан саат сайын жаш өмүрлөр кыйылууда" дейт 26 жашында пневмониядан каза болгон кыздын агасы. Аны ооруканага жаткыра албай 4 күн жүрүшкөн

Бишкек шаарынын Таалайбек Шайымбеков аттуу жашоочусу оор кайгысы менен бөлүштү. Ал билдирүүсүндө саламаттыкты сактоо системиндеги көрүнүшкө кейип, мунун баары өлкөнүн жоопкерчилигин алабыз деп, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасабаган аткаминер, депутат жана башка бийлик бутактагылардын кайдыгерлигинен болуп жатат дейт.

"Биз башыбыздан өткөргөн окуяны ачыктагандан кийин саламаттыкты сактоо тармагында бир аз жылыш болсо деген тилек", - дейт ал.

Төмөндө Шайымбековдун карындашын жоготуп алганга чейин көргөн аракеттери баяндалат:

"Менин карындашым Кундуз Шайымбекова 1994-жылы туулган. Ушул жылдын 30-июнь күнү өпкөнүн эки тараптуу пневмониясынан 10 гүлүнүн 1 гүлү ачыла элек, кырчындай жаш кезинде менин бир тууган эң кенже карындашым дүйнө салды.

Бардыгы 24-июнь күнү башталды!

Карындашым адаттагыдай жумушунан үйгө келип, эс алганы жаткан. 2-3 саат уктап, кечки саат 21:00дө алы жок, башы ооруп, дене мүчөлөрүм ооруп жатат деп ойгонду. Аны биз сасык тумоо катары баамдап, ага каршы дары ичип кайра эс алып жаткан. Эртеси 25-июнь күнү баш оорусу басылып, дем алуум оор болуп жатат дегенинен биздин аймакка караштуу поликлиникага эртең менен саат 9дарда терапевтке алып келдим. Ал жактан дене табың нормалдуу, сен үйдөн эле дарыланасың деп бизди кабыл албастан, эшиктен эле антибиотик, вируска каршы дарыларды жазып берип кетиришти.

26-июнь күнү карындашымдын акыбалы оорлоп баштады. Дем алуусу кыйындап, оорусу күчөй баштады. Мен "Тез жардам" унаасын чакырсам, 1 сааттан кийин келишти. Аларга карындашымдын акыбалы оорлоп жатканын айтып, тез арада ооруканага жаткыруу керектигин айтсам, алар менин сөзүмдү четке кагып, үйдөн эле дарыланасыңар деп валерьянка берип кетип калышты.

Андан кийин бир саат өтпөй, карындашым мага телефон чалып, менден тез арада үйгө келүүмдү өтүндү. Мен үйгө келгенимде акыбалы мурдагыдан да начарлап кетиптир. Мен аны тезинен унаама салып, Фучиктеги ооруканага алып жөнөдүм. Ал жактан карындашымдын абалы оор экенине карабастан, орун жок деп кабыл албай коюшту. Мен эмне кыларымды билбей, Республикалык ооруканага алып бардым. Ал жактан терапевттик бөлүм карантинде экенин айтып, жүрөгүнүн согуусун, кан басымын текшерип жөн гана тамчылатма дары берип, баары жакшы эле экен деп бизди Урология борборуна баргыла деди. "Барып анализ берип көргүлө, бир аз шишип калыптыр, бөйрөктөрү иштебей жатышы мүмкүн" дешти. Ал жактан да анализ берип, бөйрөктөрү жакшы деген жыйынтык алдык. Ошентип кайра үйгө жөнөдүк. Үйдөн кайра "Тез жардам" чакыртсак, баягыдай эле сөздөрдү айтышты!

ПЦР-анализ жок ооруканага жаткырбайбыз, акыбалы силерден да оорлору көп. Силер үйдөн эле дарыланасыңар деп кайра бир укол жасап кетип калышты.

Эртеси, 27-июнь күнү үйдөн карындашыма тамчылатма дарыны жеңебиз коюп берип жатты. Андан кийин абалы бир аз жакшыргансып калды.

Бирок 28-июнга караган түнү карындашымдын акыбалы начарлап, эсин жоготуп баштады! Мен түнкү саат 1де туугандарыбызга чалып, карындашымды унаама салып ооруканага жөнөдүк. Эң биринчи эле Фучиктеги ооруканага барсак ал жакта эл толтура! Оорукана толуп калды деп эч кимди кабыл албай, эшиктен эле кууп жатышты. Карындашымдын эриндери көгөрүп, дем ала албай жатканын көрүшсө да бизди кабыл алышпады. Андан чыгып эле кайра Республикалык ооруканага барып, өпкөсүнө рентген тарттырдык. Аны терапевт көрүп, өпкөсүндө эки тараптуу пневмония бар экенин айтып, бизди тезинен Улуттук госпиталга жиберишти. Бизди ал жактан да эшиктерин жаап кабыл алышпады. Бул жакка ПЦР-анализ менен гана алабыз дешти. Биз ал жактан чыгып, айлабыз кеткенде Чүй облустук ооруканасына жөнөдүк. Ал жакка барсак аларда обсервация жок экенин айтышты. Бизди Кантка, Сокулукка же Воронцовкага барышыбыз керек экенин айтып, Канттагы ооруканага багыттама жазып беришти.

Ошентип таңкы саат 04:00дө Канттагы ооруканага жетип барып, карындашымды оор деп баалап түз эле жандандыруу бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушту да, биздин мындан ары бул жакка кире албастыгыбызды айтышып, эшикке чыгарып коюшту. Биз телефондон гана карындашымдын абалын билип жаттык. Абалын туруктуу оор деп жатышты. Айлам кеткенде дарыгерлерге акча берейин деп 30-июнь күнү Канттагы ооруканага баратканымда, мага белгисиз номерден телефон чалып суук кабар угузушту!

"Уктуңар беле? Карындашыңыз бүгүн саат 08:00дө каза болду" деди чоочун үн. Менин болгон дүйнөм токтоп, "эмне, эмне дейсиңер, алло, алло" десем, "кайрат кылгыла" деп байланышты өчүрдү. Ошентип бир боорумдан бир заматта айрылып калдым!

Ким бейтапты ПЦР-анализсиз кабыл алынбасын деген чечимди чыгарды?

ПЦР-анализди биз ооруп баштаган күнү эле тапшырганбыз, ал да 4-5 күндө чыгат экен. 4-5 күндө карындашымдын акыбалы саат сайын оорлоп, аягы эки тараптуу пневмонияга алып келди.
Муну менен эмне айтмакчымын, биздин бийлик, биздин өкмөт, биздин парламент, силердин шалаакылыгыңардан, алсыздыгыңардан, сабатсыздыгыңардан ушундай жаш өмүрлөр саат сайын өчүп жатат. Эмне үчүн эч даярдык көргөн эмессиңер? Эмне үчүн ИВЛ аппараттар, медикаменттер жетишсиз? Январь айында башталган пандемияга эчак даярданып, баарын алдын алууңар керек болчу.
Эми баарын тезинен колго алгыла. Эгерде кимде ким ооруса, тезинен аракет көргүлө. Биздин үй-бүлөнүн кайгысын эч кимге каалабайм".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
Jaka78
2020-07-04 10:24:57
Өтө өкүнүчтүү
+4
Raihan0602
2020-07-04 10:27:20
Ооруп баргандарга мурда эле кош көңүл кылган дарыгерлерге эми табылбай эле калды да баары дебейм бирок арасында ант ургурлар көбүрөөк.Арман дүйнө жакындарына сабыр тилейм
+10
muslima-0788
2020-07-04 10:32:12
Жапжаш кыз экен аттин.Биз деле 25- июньда анализ тапшырганбыз.Синдим температура болуп атат уйдо жатат.Анализ чыгалек дешет звонок кылсам.Парацетамол менен Азитрамицин ичсин деди поликл.врач болду.Анализ качан чыгышын оздору да билбейт.118 ге чалсам албайт экен алар кечеси звонокту.Скорыйга чалсам 118 ге чал дешет врачына чал дешет качышып.Эмне кылышты билбей калдым.
+7
Azem2013
2020-07-04 11:56:12
Арты кайрылуу Болсун! Сабыр!
+3
Firdaus-Muslim
2020-07-04 12:34:37
Мекенибизде абал оорлошуп баратат, Биздин медицина кызматкерлеринин акыбалы ушул болсо, ар бирибиз өзүбүзгө күйөлү, сак болойлучу, маска тагынып жүрөлү. Ар бир адам өзүнө күйбөсө башка эч ким күйбөйт.
+5
Kona8631
2020-07-04 12:34:39
Аттин ..жакшы Кыз эле..жаткан жери жайлуу болсун! А чондорго врачтарга айтаарым .жооп бересинер тиги дуйнодо....
+2
katerina.li
2020-07-04 12:42:18
Акмактар. Таласта да ушундай кейипте ,врачтар парацетамол жазып эле кетирип жиберишет. Иштери да жок. Анализ алышпайт вообще
+2
Mustafo
2020-07-04 13:17:42
Аттиң аттиң жаш экен эле , келгиле туугандар ушул алсыз паракор парламентти келерки шайлоодо шайлабай эле койойлучу
+9
raia
2020-07-04 13:17:43
карновирус жок деп бийлике асылгандар эми эмне дейт...
Аттин кыргыз элим чекеден кырылышка туштук го...
Эми кантик сабырдан башка айла жок,озубузду озубуз сактайлы ,Аллахым алакандай кыргыз элимди сактасын бирок сактанганды сактайм дейт.Озубузду озбуз сактайлы...
+3
turaliev
2020-07-04 13:48:06
Соке с...л п..ор иштей албасан былжырап к...ко келдинби
0
Rifle_I
2020-07-04 13:59:35
Мен врачмын. Аябай өкүнүчтүү кабар. Чынында орун жок, ИВЛ жетишсиз. Дары дармек да жетишсиз. Врачтардын тамак ашын караган адам аз.
Менин мед.сестрам ооруп калды. Дагы 4 ооруу бар, абалы жакшы эмес. Кислород дагы 8 сааттык калды. Андан кийинки картина белгисиз.
+8
nazarnew
2020-07-04 15:05:09
Больницага кириштин эки варианты бар, бири акча менен экинчиси пистолет менен, вот ошондо карашат. Мага ишенип койгула.
+3
mateus
2020-07-04 17:10:24
Баарынар бийликти эле жамандайсынар, ошол бийликти Атамбаев силерге таңуулаганда уктай бербей айтпайт белеңер. Экинчиден, пандемия башталгандан бери көчөдө маска жок жүрөсүңөр, эй кийбейсиңби десе, вирус жок бул политика деп. Албетте минтип менин деле жакындарым курман болушу мүмкүн, а бирок баардыгыбыз жоопкерчиликти сезгенде мындай болбойт эле. Дүйнөдө кырсык 6 айдан бери болуп жатат а көпчүлүк аны кино көргөндөй эле мамиле кылып жүрдунөр. Баарыңарга ден-соолук каалаймын.
+1
D.iamond
2020-07-04 18:06:06
Аттин, аттин ай.....
+2
Sajakat14
2020-07-05 07:08:53
Карындашыңыздын жаткан жери жайлуу болсун! Айла жок! Кыргызстан мамлекет деп кагазда эле жазылат экен. Чын жашоодо Кыргызстан Кыргызстан эмес эле Абсурдистан экен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан