Ошто мал базарлар 21-майдан баштап иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Жыйында Ош облусу боюнча канча ишканага иштөөгө уруксат берилгени жөнүндө суроо узатылды.
"Бүгүнкү күндө облус боюнча 57 ишканага уруксат берилди. Алгач эле өнөр жай ишканалары, анын ичинде цемент заводдору ишке кирди. Ошондой эле жер-жерлердеги кичи жана орто бизнес ээлеринин санитардык нормаларды так сактагандары жумушун жандантышты. Кайра иштетүүчү ишканалар, курулуш тармагындагылар дагы ишин башташты. Мындан дүң базарлары жана мал базарлар ачыла элек. Мал базарлардын 21-майдан баштап ачылышын карап жатабыз" , - деди Ахмаджан Махаммадов.