Дистанциялык окуу болбойт. Тажикстанда мектеп окуучулары үчүн каникулдар 16-августка чейин узартылды

Тажикстандагы коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабы мектептердеги каникулду 16-августка чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүтүрүүчү класстар үчүн экзамендер 15-июндан 24-июнга чейин өтөт.

27-апрелден тартып өлкөдөгү мектептер, бала бакчалар, колледждер 10-майга чейин каникулга тараган. Ал эми өлкөнүн Билим берүү министрлиги эгерде карантин кире турган болсо, мектеп окуучулары дистанциялык түрдө окутула тургандыгын, ал үчүн бардык шарттар бар экенин айткан.

Бирок каникулдун узартылышына караганда дистанциялык окуу болбойт деп жазылган маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KalenAlmaz
2020-05-05 14:49:15
Силерге соз.Кудайдын ыйык куну рамазан айын дагы жылдырдынарго.Кудайга жага турган иш кылгыла да,ар нерсени жашырып кайра шерменде боло бербей.
+4
admin_portal
2020-05-05 16:57:28
murat17, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, улут аралык келишпестиктерди жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү сызыгы толгон түбөлүк БАН!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан