Хабиб Нурмагомедов бүгүн түнгө чейин Орусиянын аймагынан чыгып кетпесе, Тони Фергюсон менен болгон беттешке катыша албай калат

UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов бүгүн, 30-мартта түнгө чейин өлкөдөн чыгып кетпесе, UFC 249 турниринин негизинде 18-апрелде боло турчу америкалык Тони Фергюсонго каршы беттешке катыша албай калат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Хабиб Нурмагомедов учурда Дагестанда машыгууларды өткөрүп жатканын мушкердин машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов билдирген: "Чынын айтсам азыр эмне деп айтарымды билбей атам. Хабиб азыр Дагестанда машыгууларын өткөрүп жатат жана бизден эч нерсе көз каранды эмес. Бардыгыңыздарды Орусиядан күтөбүз. Мен бул беттештин Орусияда өтүүсүн каалайм. Хабиб азыр мыкты даярдыкта".

Орусиялык басылмалардын билдиришинче, Хабиб Нурмагомедов бүгүн түнгө чейин өлкө аймагынан чыгып кетпесе, анда бул беттешти Орусиянын аймагында гана өткөрүү мүмкүн экенин жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам Орусия 30-марттан тарта чек араларын толук жаба тургандыгы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rususu
2020-03-30 14:10:59
Жолборстун жолборс экени Эми билинет экен да ээ
+1
ilgizk
2020-03-30 14:32:18
Чыкпайт бул турушта ,бой Орусияда өтөт го
+2
katerina.li
2020-03-30 16:57:52
Откондо эле оруссияга жакында кайтып келбейт депатат элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан