Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Анын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда катталганын республикалык штабдан билдиришти.
Республика боюнча COVID-19 илдети медицина тармагынын 4 миң 217 кызматкеринен аныкталса, алардын ичинен 4 миң 195и сакайды.