Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйын өтүүдө.
Жыйында 30-мартта коронавирус менен дагы 10 адам жабыркап жатканы аныкталганы айтылды. Жалпысынан оору жуктуруп алгандардын саны 94 адамга жетти. Вирусту жуктурган акыркы 10 адам Жалал-Абад облусунун тургундары.
Биринчи-вице-премьер министр Кубатбек Боронов обсервацияда коронавирус бар же жоктугу текшерилип 1459 адам жатканын айтты.
"СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адам, алардын ичинен 1-категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, 2-категориядагы (башкалар) – 5222.
Жалпы республика боюнча 1459 адам обсервацияда. Обсервацияда жаткандар - бул вирусту жуктуруп алгандар меен жакын байланышта болгондор", - деди Боронов.
Анын айтымында, Бишкекте 401, Чүй облусунда 115, Ошшаарында 125, Ош облусунда 231, Жалал-Абадда 79, Баткен облусунда 199, Нарында 108, Таласта 146, Ысык-Көлдө 55 адам обсервацияда жатат.