
Бразилиянын президенти
Жаир Болсонару коронавирус инфекциясын
жуктуруп алганы 7-июлда аныкталган. Ал илдетти жеңгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жаир Болсонару социалдык тармактагы баракчасына коронавирус инфекциясына тапшырган соңку анализи таза деп чыкканын жана баарына жакшы күн каалай турганын жазып чыккан.
Буга чейин Бразилиянын өлкө башчысы коомдук жайларга бет кап, кол кабы жок чыгып жүргөн. Ошондой эле тарапташтары менен болгон жолугушууда социалдык аралыкты сактабай жүргөндүгү буга чейин да айтылып келген. Мындан сырткары ал обочолонуу тартибин вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана жашы 60тан жогору адамдар гана сакташы керек деген.