Дистанциялык окуу үчүн кошумча каражат талап кылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу онлайн жыйын учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Санташева айтты.
"Дистанциялык форматка өтүүдө биздин билим берүү мекемелери жана уюмдары республикалык бюджеттен каржыланат. Бардыгы дистанциялык форматка өтөт жана алар кадимкидей эле айлык алып окутушат. Кошумча каражат талап кылуу жок. Биз баарыбыз райондордогу билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен сүйлөштүк. Алар кандай милдеттерди аткаруу керек экенин талкууладык. Ал эми дистанциялык окуу үчүн кошумча каражат талап кылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деди ал.