Калининградда 350 медициналык кызматкер коронавирустан улам ишке чыгуудан баш тартышты

Орусиянын Калининград шаарында 350 медициналык кызматкер коронавирус инфекциясы жайылып жаткан учурда жумушка чыгуудан баш тартышты. Маалыматты аймактык саламаттыкты сактоо министри билдирди деп жазышат орус басылмалары.

Пандемия учурунда иштөөдөн баш тарткан кызматкерлердин 100ү дарыгерлер, 250сү орто медперсонал. Учурда медициналык жайларда иштегендердин көбү 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер. Ошондой эле аталган аймактагы ооруканалардын дээрлик барында коронавирус жуктуруп алган кызматкерлер бар деп айылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Калининградда жалпы 479 жарандан коронавирус аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан