Коронавирус бир адамдан экинчи адамга 4 метр аралыктан деле жугуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жаңы изилдөөсүнө ылайык, коронавирус 4 метр аралыкта деле жугуп калуусу мүмкүн экендиги аныкталган.
"Вирус абада жарым сааттан үч саатка чейин, буюмдун үстүндө бир нече күнгө чейин сакталат. Мындан улам адамдар ортосундагы аралыкты сактаган учурда деле вирус жугуп калышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.