Өзбекстанда 1-апрелге карата коронавирустан 172 жаран жабыркап жатат. Мындай статистиканы аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.
Ооругандардын көбү Ташкенттеги илим изилдөө институтунда дарыланып жатышат. Жабыркагандардын ичинен бүгүнкү күнгө карата 8 бейтап айыкты. 8-болуп айыккан бейтап 14-мартта Лондон-Ташкент каттамы менен келип, 2 күндөн кийин вируска чалдыкканы аныкталган.
Учурда Өзбекстанда коронавирустан 172 адам жабыркап, 1 жаран каза болду.