
Президент
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында аймактагы айыл чарба, билим берүү, медицина жана энергетика объектилеринин иши менен таанышат.