Кыргыз өлкөсүндө коронавирус биринчи жолу аныкталгандан бери туура бир апта өттү. Бул аралыкта ооругандардын жалпы саны 44кө жетип, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталды. Бийлик илдеттин жайылып кетпеши үчүн адегенде өзгөчө кырдаал жарыялап, кийин ал жардам бербей турганына көзү жеттиби, өзгөчө абал киргизди.
Акыркы суткада коронавирус дагы 2 адамдан аныкталып, алар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары экени маалым болду. Бири Испаниядан учуп келген адам менен байланышта болгон жана андан жуктурган деп айтылса, экинчиси Дубайдан келген. Буга чейин сырттан жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү кичи ажылык зыяратынан Сауд Арабиядан кайтып келгендер эле.
Казак басылмалары Кыргыз өлкөсүнөн Казакстандын Жамбыл облусуна барган жарандан коронавирус аныкталды деп жарыялашты. Кийинчерээк ал 29 жаштагы Кыргыз жараны экендиги аныкталды. Ал чет жакта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган биринчи Кыргыз жараны эмес. Буга чейин Пакистанда даваатта жүргөн 1 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталганы жана аны менен чогуу жүргөн 4 Кыргыз жараны да карантинге алынганы маалым болгон.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.