Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Кечээ акыбалы оор деп бааланган бейтаптын абалы жакшырып калды" (видео, хронология)

Бүгүн, 1-апрелде Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйын берди.

2020-04-01 12:22:00

Ошондой эле министрликтин өкүлү кечээ оор абалда жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калганын айтты. Бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек экендигин, азыр абалы орто оор деп бааланып жатканын кошумчалады.

2020-04-01 12:20:00

“Коронавирус жаӊы аныкталган адамдардын ичинен 1и сырттан, тагыраагы, Орусиядан келген. 3 адам оорулуулар менен байланышта болуп, жуктуруп алышкан”, - деди Мамбетов.

2020-04-01 12:18:00

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган дагы 4 жаран катталганын, ошону менен азыркы тапта илдетти жуктуруп алгандардын саны 111ге жеткенин билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан