1 күндө эки өзгөргөн статистика. "Соль-Илецктен келип, коронавирус тастыкталгандардын саны 58 эмес, 47" дейт министрлик

7-май күнү Соль-Илецктен келип, “Семетей” обсервациясында жаткан жарандар тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат таратышты.

13 күн мурун, 7-майда Соль-Илецктен 541 жаран келген. Алардан COVID-19 вирусу 104 жаранда тастыкталган.

Алардын ичинен:

Стационардан айыгып, чыккандардын саны - 47;

Учурда стационарда дарыланып жаткандардын саны - 57.

Жакын байланышта болгондор катары обсервацияда калгандар - 19.

Үй карантинине чыгарылгандардын саны - 465.

Бүгүн эртең мененки брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Соль-Илецктен келип, коронавирус аныкталган 101 адамдын арасынан 58 жаран үй карантинине чыгарылганы тууралуу маалымат берген. Ага "Ошондо Соль-Илецктен келгендердин ичинен үй карантинине чыгарылгандардын саны 421 болдубу же 479 болдубу?" деген тактоо иретинде кайталанган суроо берилди. Бул учурда министрликтин өкүлүнүн ачуусу келип: "Дагы бир жолу кайталап айтайын, үй карантинине 479 жаран чыгарылды", - деп жооп берген. Көп өтпөй республикалык штабдан стационардан айыккандардын саны 47, ал эми үй карантинине чыгарылгандардын саны 465 деп маалымат таратышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elebes86
2020-05-19 14:06:08
Ызы чуу которгондордун кылган иши жакшылык алып келбейт.
+1
Mamiev
2020-05-19 14:21:15
Канчасынан аныкталса эмне болгон күндө дагы ызы чуу чыгарба керек эле. Мамлекетке догурунуп ыйлап жатып келишти эле аш менен урганды таш менен уруп коюшту. Ошончо убакыт Соль Илецкте чыдаган бул жакта деле 10 күн чыдап коюшса болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан