Дүйшөмбүдөн, тагыраагы, 20-июлдан баштап Нью-Йоркто зоопарктар, ботаникалык сейил бактар ачылып, спорттук мелдештер көрүүчүлөрсүз өтө баштайт. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, Нью-Йоркто дүйшөмбүдөн тарта спорттук мелдештер калыбына келтирилип, көрүүчүлөрсүз өтө баштайт. Ботаникалык сейил бактар, зоопарктар ачылып, ишин жандантат. Ал эми соода борборлору, музейлер, кинотеатрлар жабык бойдон калат.
"Нью-Йоркто бир суткада 78 миң 239 коронавируска каршы тест алынса, алардын ичинен 776сы илдет жугузуп алганы аныкталган. Бул 1 пайыздан дагы төмөн. Мындай көрсөткүч абдан жакшы", - деген штаттын губернатору Эндрю Куомо.