Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Адам Льюис унаанын эшигин ачканга аракет кылып тарткылап жаткан. Муну байкаган полиция кызматкери анын жанына келгенде, ал колундагы шарабын сындырып коркута баштаган. Аны менен эле тим болбостон ал жөтөлүп, вирус жуктурам деп коркуткан.
Жардамга келген полиция кызматкерлери Льюисти жакынкы бөлүмгө алып кетишкен. Жыйынтыгында сот аны 6 айга эркинен ажыраткан.