АКШ коронавирустан каза болгондордун саны боюнча бүгүн дагы рекорд койду

АКШда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 1 миң 973 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Бул көрсөткүч бир суткада коронавирустан каза болгондордун саны боюнча жаңы рекорд болуп саналат. Сутка ичинде эң көп каза болгон рекорд кечээ, 8-апрелде ушул эле өлкөдө катталган. Анда 1 миң 736 адам бул инфекциядан каза болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 432 миң 132 адам коронавирус жуктуруп алган. 14 миң 817 адам каза болсо, 23 миң 906 адам айыгып чыккан. Каза болгондордун эң көбү Нью-Йорк, Нью-Жерси, Иллинойс жана Луизиана штаттарында катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-04-09 13:52:48
Америка ар либой жактан алдыда журот да озу.)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан