Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорттор толугу менен токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
"Шаарыбызда күн санап коронавирус инфекциясы жайылып жатат. Көп айтылган чараларга кулак төшөбөй жатасыздар. Бүгүн Бишкек шаарында корнавирус аныкталган адамдардын саны 100дөн ашты. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Социалдык тармактарда "оору жок" деп жазып жатып ушуга жеттик.
Бүгүн комиссиянын чечими менен токтом чыкты. Ага ылайык, Бишкек шаарында толугу менен ишемби жана жекшемби күндөрү троллейбус, автобус жана кичи автобустарды, такси кызматтарын токтотобуз. Бул коронавирус илдетин токтотууга үмүт берет. Убара болуп дем алыш күндөрү Бишкекке келбей эле коюңуздар. Инфекция транспорттон жугуп жатат деген шек саноо бар.
Мындан тышкары ар аптанын дүйшөмбү күндөрү "Дордой" базарынан башка бардык базарлар жабылат", - деди Түлөбаев.