Бүгүн, 1-апрелде Казакстандын Нур-Султан шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн бири карантинге алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, карантинге алынган 9 кабаттуу үйдүн жашоочулары эми 2 апта бою өз батирлеринен чыга алышпайт. Аталган үйдө жалпысынан 54 батир бар экенин жергиликтүү маалымат булактары билдиришет.
"Карантинге алынган үйдүн подъезддеринде эскертүү баракчалары илинген. Ал жакка эч ким кире албайт. Мындай чара коронавирус аныкталган жашоочулары бар бардык көп кабаттуу үйлөргө колдонулат.
Ал эми карантинден улам жумушка бара албай калган жарандарынын кызмат орундары сакталып, чыга албай калган күндөрү үчүн акы төлөнүп берилери айтылат.
Көп кабаттуу үйлөрдүн алдында күнү-түнү полиция кызматкерлери күзөттө турушат. Мындай кырдаалда жашоочуларга азык-түлүк жана дары-дармек алууга гана уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.