Ырчы Алишер Тоотаев “Сүйгөн жарга” аттуу жаңы ыр
жаздырды. Сөзү Бүбүайша Арстанбековага, обону аткаруучуга таандык болгон ыр өмүрлүк
жубайына арналганын ырчы билдирди.“Бул ырымда сүйүү таза, бийик экендиги,
сүйүү менен жашаш керектиги айтылат. Ырды келинчегиме арнагам, бирок ал бул
ырды укканда эч кандай деле көңүл бурган жок. Себеби ал маданият тармагындагы
адам болбогондуктан, ырларыма көп маани бере бербейт”,- деди Тоотаев. Ошондой
эле бул ырга жакынкы арада клип тартылары белгилүү болду. “Үй-бүлөмдү клипке
тартам десем жубайым макул болбой жатат. Эми убактысы келсе билинет да”,- деди
ырчы.