Бейшенбек Жумашалиев “Кийизге түшүрүлгөн оймолор” аттуу көргөзмөдө баш байгени алды

Кыргызстандык Бейшенбек Жумашалиев кийизден жасалган буюмдардын “Кийизге түшүрүлгөн оймолор” аттуу Эл аралык көргөзмөсүндө баш байгени алды. Баш байгеге коюлган 100 миң рубль өлчөмүндөгү каражат жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара 15-18-август күндөрү Тыва Республикасынын Кызыл шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан алгачкы жолу катышкан Бейшенбек Жумашалиев бир нече боз үйлөрдү көргөзмөгө коюп, көрүүчүлөрдү Кыргызстандын улуттук боз үйү менен тааныштырган. Көргөзмөгө Казакстан, Монголия, Бурятия, Тоолуу Алтай, Хакасия сыяктуу бир нече мамлекеттер катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан