Орусияда карантинде жаныбарды сейилдетүүгө уруксат берилген. Эми жаныбарларды ижарага беребиз деген жарыялар чыкты

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Орусиянын 75 аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынган. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, медициналык мекемелерге барууга, жакынкы азык-түлүк саткан дүкөнгө чыгууга, таштанды ыргытуу үчүн жана үй жаныбарларын сейилдетүүгө алып чыгууга гана уруксат берилген. Буга байланыштуу бир катар сайттарда ит, күчүктөрдү ижарага беребиз деген жарыялар жазылып кеткен.

«Авито» аттуу сайтта мындай тариздеги 13 жарыя 28-марттан баштап жазыла баштаган. Бирок кийинчерээк алар карантиндин эрежелерин бузууда деген жүйө менен аны өчүрүшкөн. Дагы башка тармактарга да бул өңдүү жарыялар жазылып жатканын орусиялык басылмалар жазышууда. Ага ылайык, иттерди кожоюндары саатына 500 рублдан баштап 1000 рублга чейин берилет деп билдиришкен. Иттердин жашы, тукуму, мүнөзү кошо жазылып, ижарачы сөзсүз түрдө күрөө коюш керек экендиги белгиленет. Айрым булактар акыркы күндөрү иттерди ижарага алуу деген жарыяны издеп киргендердин саны 5-6 эсеге өскөнүн билдиришкен.

Москва шаарындагы жаныбарларды коргоо фондунунун башчысы Екатерина Дмитриева "Газета.ру" басылмасына берген маегинде жаныбарларды ижарага берүү - ага карата мыкаачылык деген.

"Мен өзүмдүн итимди ал тааныбаган адамга сейилдөөгө бермек эмесмин. Тааныбаган адамды ал каап алышы мүмкүн же тескерисинче чоочун кишиден чочулап качып кетиши мүмкүн. Андан кийин аны издөөгө туура келет", - деген ал.

Москванын парламенттик комиссиясынын чарба жана турак жай саясаты боюнча мүчөсү Александр Козлов да жаныбарларды ижарага берүү таптакыр туура эмес деген оюн айткан.

"Биринчиден, жаныбар - бул оюнчук эмес, аны кантип ишенип бейтааныш адамга карматасың? Экинчиден, ижарага берип жаткандар коронавирустун жайылышынын алдын алуу иш-чараларына каршы келген кадамга барышууда. Ижарачы менен жаныбардын кожоюну бири-бирине жуктурбайт деген кепилдик жок", - дейт Козлов.

Мындан тышкары маалыматта бул идеяны орусиялыктар ойлоп таппаганы жазылат. 27-мартта испаниялык интернет колдонуучу кимдин сейилдегиси келип жатса итимди ижарага берем, кызматтын акысы саатына 2 евро деп жазган. Кийинчерээк ал адамга 500 евродон 5 миң еврого чейин айып салынышы мүмкүн экендиги жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2020-04-02 11:53:51
Ит менен сейилдегиче бутту асып коюп телефон чукуп жаткан жакшы го)))
+2
murat17
2020-04-02 16:47:39
орус оюндагысын кылат деген ушул
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан