Өзгөчө абал киргизилген жалпы республика боюнча коменданттык сааттын биринчи күнүндө эскертүүлөргө карабай эреже бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилди. Ошондой эле 9 унаа айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча - 193;
Ош шаары боюнча - 2;
Жалал-Абад шаары - 10;
Сузак району боюнча - 26;
Ноокат району боюнча - 11;
Кара-Суу районунда - 55 жаран кармалды.
"Кармалган жарандарга коменданттык сааттын талаптары жана эреже бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коё берилди. Өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция тарабынан кармалса, коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат", - дешти басма сөз кызматынан.