Боронов: "Эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча тактоо иштери жүрүп жатат"

Эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча республикалык штабдын чечими бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

"Өзүңүздөр билгендей, бул маселе эки тараптуу чечиле турган чечим. Ошондуктан атайын кызматтар, Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абал туруктуу болуп кетсе, эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Орусия, Түркия, Араб Эмирлиги жана башка мамлекеттер менен иштер жүргүзүлүүдө", - дейт Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Suzak12
2020-07-28 17:06:01
Тезиреек ачылса экен эл ото кыйналып кетти чындыгында.
+2
ayzirek91
2020-07-28 18:42:25
Ачкылачы тезиреек, бул жакта семьялар бузулуп атат эки жакта болушуп
+1
talaa11
2020-07-28 19:57:57
Мен кетет элем Оруссяга Кыргызстанда кризис
-1
azamat85
2020-07-29 08:22:05
talaa11,жакшы бар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан