Бишкек шаарында өткөрүүгө укук берүүчү жасалма уруксат кагазы менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-апрель күнү Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен 32 жаштагы Д.Н. аттуу жарандын башкаруусундагы Лэнд Ровер унаасы текшерүү үчүн токтотулган. Анын маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат берилген пропуск болгон. Кылдат текшерүүгө алууда пропуск жасалма болгондугу аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулуп, бардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 359-берене (документтерди жасалма кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.