Эл аралык авиакаттамдардын качан ишке киргизилери азырынча белгисиз

Эл аралык авиабилдирүүлөрдү 15-июндан тарта жандантуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

"Учурда иш-аракеттер алгоритми макулдашылып жатат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания өзүнүн даталарын сунуштоодо – качан жана канча жолу каттамдарды ишке ашырат", - деп билдирди ал.

Анын айтымында, азыркы учурда эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын жыштыгы иштелүүдө. Алдын ала алгоритмге ылайык, аптасына 16-17 каттам, күнүнө 2-3 каттам уюштуруу пландалып жатат.

Кийинчерээк республикалык штаб жогорудагы маалыматка тактоо киргизди. "Кыргыз өлкөсүндөгү аэропортторду 15-июндан тарта эл аралык авиабилдирүүлөрдү кабыл алууга даярдоо пландалып жатат. Ал эми эл аралык каттамдарды кайра жандантуу өкмөттүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат. Чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялар каттамдарын качан жана канча жолу ишке ашырышы боюнча жеке сунуштарын жиберүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2020-06-04 22:18:14
Кичине шашпай турганынар он эле
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан