Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен 3 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, каза болгондор Таласта, Бишкекте, Баткенде катталды. Алар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн эмес деп кошумчалады министрликтен.
Пандемия башталгандан бери республика боюнча жалпы 2 миң 849 киши каза болду.