Орусиянын 29 аймагынан акыркы бир суткада 771 адам коронавирус оорусун жуктуруп алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы бир суткада коронавирусту эң көп жуктурган учур Москвада катталган. Бул шаарда бир суткада 595 адам коронавирус жуктурган. Москва облусунда 43 адам жана Санкт-Петербург шаарында 22 адам жуктуруп алгандыгы аныкталган. Ошондой эле акыркы бир суткада 45 адам коронавирустан айыккан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын жалпы 76 регионунда 3 миң 548 адам коронавирус жуктурган.