Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам айыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта илдеттен айыккан эки жаран тең ооруканадан чыгарылары жөнүндө айтылган.
Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев бейтаптардын айыгышы дарыгерлердин эмгеги экенин белгилеген.
Учурда Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 80 адамга жеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан жана Алматы шаарларында катталган.