"Мен коронавирус болгон жокмун" дейт Ала-Букада коронавирустан айыкты делген жаран. Министрлик буга эмне дейт?

1-апрель күнү Ала-Бука райондук ооруканасында дарыланып, коронавирус аныкталган эки жаран ооруканадан чыгарылган эле. SUPER.KG порталы илдеттен арылып, ооруканадан чыккан Насыр мырза менен байланышып, ден соолугун сурады.

- Саламатсызбы, Насыр мырза? Сизди коронавирустан айыгып чыкты деп уктук. Ден соолугуңуз жакшыбы? Өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы?

- Рахмат, Кудайга шүгүр. Жакшымын. Элге ошондой маалымат берип жатышат. Бирок мен вирус жуктурган жокмун.

- Дене табыңыз көтөрүлүп, Ала-Букада ооруканада жатыптырсыз го?..

- Бизди 17-мартка караган түнү Ак-Коргон айылына обсервацияга алып барып жаткырышты. Ала-Букадан кичи ажылыкка 10 адам барып келгенбиз. Бирөө Оштон болгондуктан, аны Ошко жөнөтүштү, тогузубуз Ак-Коргондо калдык.

Обсервацияда жылыткыч жок суук экен, мен жука кийинип алып, башка бөлмөлөргө кирип, куран окуп жүрө берипмин. Ошого чыйрыга түшкөнмүн. 23ү же 24-мартта дене табым көтөрүлгөнү үчүн Ала-Бука райондук ооруканага алып келип, изоляцияга алышты. Жашым 58де болгону үчүн да чочулашты окшойт. Коронавирустун атайын белгилери бар экен го, менде андай болгон жок. Дарыгерлерге "Эмнеге мени кармап жатасыңар? Коронавирус жуктурупмунбу?" десем, "андай деле эмес, сасык тумоо болушуңуз мүмкүн" дешти. 2-3 укол алгандан кийин жакшы болуп калдым. 1-апрель күнү ооруканадан чыгарылдым.

Мен өзүмө-өзүм кылдым. Эгер жеңил кийинип жүрбөгөндө чыйрыгып, дене табым көтөрүлбөйт болчу. Обсервациядан кийин шериктерим менен үйгө чыгып кетмекмин. Башында дене табым 36 эле болуп туруп алды. Эки күн бир аз көтөрүлдү, ошол боюнча жөтөлгөн да жокмун, жакшы жүрдүм. Азыр үйдөн 2 аптага эч жакка чыкпагыла деп талап кылышты, камалып отурам.

- Сиз качан Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келдиңиз эле?

- 12-март күнү эл катары Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип конгонбуз. Ал жактан дене табыбызды текшерип, мурдубуздан анализ (ред. мазок) алып, айылга барганда аймактык оорукананын дарыгерлери байланышат деп жөнөтүштү. Ошентип ажылыктан келгендер такси менен Ала-Букага келгенбиз. Ошол боюнча дарыгерлер 17-мартта бизди обсервацияга алып кетишти. Азыр Кудайга шүгүр, абалым жакшы. Коронавирус тууралуу жаңы укканда дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жаткандан кийин чын эле корктум. Бала-чака, башка элге жуктуруп алсам эмне болот деп ойлодум.

- Рахмат, сизге. Ден соолукта болуңуз!

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй түшүндүрмө беришти.

- Ала-Бука районунун тургуну, кичи ажылыктан келген жарандан биринчи ПЦР-анализ алганда терс жыйынтык чыгып турса да, оң жыйынтыктын белгилери да болгон (ред. ложно положительный). Андан кийин экспресс-тест жасалган. Андан коронавирус бар экендигин көрсөткөн. Ошондон кийин бейтапты изоляторго алышкан. 14 күн дарылоодон кийин кайра ПЦР-анализ алганда бейтапта коронавирус жок болуп чыккан. Ошондуктан дарыгерлер ага "коронавирус эмессиз" деп айтышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
sirenaaaaa
2020-04-03 17:26:16
Эмнеси болсо да аты жаман оорудан кутулуптурсуз. Эми эшике чыкпай олтурунз
+9
bond02
2020-04-03 17:26:40
Кимге ишеништи да билбейсин, он жакка барсан озун олосун сол жакка барсын атын олот деген мезгил болду го.
+9
Kuyoo_bala
2020-04-03 17:39:18
Самолеттон тушкондо текшерип мазок алып,анан айылга барганда аймактык дарыгерлер байланышат деп коё берген врачтарды атыш керек,ошолор куноолуу.
+7
zamir_kgz
2020-04-03 22:22:10
Kuyoo_bala,Врачтарда мындай опыт жок болгон, врачтарга тийишпе алар окуп жургондо сен жардам бердин беле?! Врачтар туну кафеде официант пол идиш жууп тапкан акчасын мугалимдер коркутуп окуудан отчисление кылам деп алган. Ойлонуп жаз тууганым, медиктерге обычный эле сарык жугуп калса оз омуруно рисковать этишет!
+4
Adil18
2020-04-03 18:15:00
Бул аксакал медсестраларга баш ийбей качып туруп алса керек.
Сизде баары жакшы,сизде коронавирустун белгилери жок деп айтышкан болушу мумкун.
Аксакал айтып жатпайбы,коронавирустун белгилери бар экен го,менде андай белгилер байкалган жок.
Женил кийинип шамалдап калыптырмын.2 кун температурам тушпой койду деп айтып жатат.
0
Aktan2018
2020-04-03 18:17:02
Соо адамга бироо тийишеби,вирус бир жеринде жатса керек.
+4
cholpon119966
2020-04-03 18:42:39
Тест положительный чыкты да, демек иммунитет кучтуу экен, оору женил формада отуптур. Кудайга шугур дей берсин бабай, соо адамды даарылап врачтардын деле башы иштесе керек.
+9
bema_bema
2020-04-03 19:25:43
Ар канддай туру бар,жотолдун,темпаратура болдун,тестен чыкты кучтуу экенсин жендин кысып отур эми эч жака чыкбай
+8
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-03 21:34:59
Менимче ооруган. Даарыгерлер стресс болуп бир нерсе болуп кетпесин деп жок деп коюшкан. Айыкканына шүгүр кылыш керек неси болср да!
+5
I.m.Nuraly
2020-04-03 21:41:07
Менин апам пневмание болгон анализи ошого положительный чыгып калыптыр. Апамы куч менен алып кетип жаткырып койушту апам байкуш ооруган деле жок чучкургон деле жок жотолгор деле эмес тумоосун деле жок болчу. Жон эле уйдогу жумуштар менен алек болуп жургондо алып кетишту куч менен. Кимге кайрылышты да билбей турабыз!
0
Aktan2018
2020-04-03 22:28:24
I.m.Nuraly,ошол атыночкурдун осложнениеси пневмония де атпайбы.
+3
States
2020-04-03 23:47:52
I.m.Nuraly апанда вирус бар бирок аны апан сезген жок анткени апандын иммунитеты кучтуу бирок аны апан вирусту башкаларга жуктуруп журо берет и муну озу деле билбей журо берет . Эми эмне кылаарыбызды билбей атабыз дейсин да апанды согушка алып кеткенсип . Башкаларга жуктурбасын бизде козомолдо болсун деп жакшылык каалап алып кетишиптир. Италияда вирус жуктуруп алгандардын арасында уктаган бойдон ойгонбой калып атышат. Алар деле жотолгон эмес температура болгон эмес экен
+11
I.m.Nuraly
2020-04-03 21:42:06
Булардын максаты адамдын санын кобойтуу жана ага болунгон каражатты оз чонтогуно алып калуу экен!!!
-8
aydinnur
2020-04-03 22:12:42
I.m.Nuraly,бул жерде наалыбай коронавирустун кандай белгилери бар экенин инетти казып оку,врачтарга эмне шам,апанды жон эле жаткызып..Минздрав озу барып жаткызса айтсан болмок ,акча жеген жатат деп..Апан айыгып кетсин,озун да карантиндин шарттарын аткар
+5
Arstan18.18
2020-04-04 00:25:44
Тооба жалганбы, орустардын отзывтарын окусамда 1000деп тааныштарымдан сурадым эчким,алардында эч бир тааныштары ооруубаган деп жатат. Же чындап вирус жокпу эмне?
0
Artur_sfera
2020-04-04 11:17:10
Arstan18.18, баш айланып деле калды, эмне дешти да билбейм
0
Tolkun555
2020-04-04 01:04:45
Вируска деле ишенич кыйын болуп калды. Кытайда 2 айда вирустан 3300 адам олду деп атышат.Россияда статистика боюнча 1 суткада журок ооруудан 2500 адам олот экен.дуйно суйлошуп карантин кылып жаратылышты эс алдырып жатабы деген дагы ой келет.
+1
Tolkun555
2020-04-04 01:05:50
Кандай болгон кундо да Кудай озу сактасын.
+3
HHFRU
2020-04-04 12:27:12
Вирус жугузуп алган ар бир эле адам симптом көрсөтүп оорубайт. 5 адамдын 4 адамында симптомсуз өтөт. Бироосүндө температура, тамак оору анан өпкө сезгенүү (пневмония, воспаление легких) болушу мүмкүн. Иммунитети начар, мурун өпкө, же жүрөк оорусу барларда осложнение болушу мүмкүн экен. Демек ооруган адамдын баары эле өлүп калбайт. Ден соолукта болгула, үйдө болгула, кол жуугула! Жакшылыкты үмүттөнөлү.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-04 15:35:52
Браттар доляга отуруп койушса керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан