Казакстанда коронавируска кабылгандар миңге чукулдап, каза болгондор 11ге жетти

Казакстанда коронавирус аныкталган жарандардын саны 972ге жетти. Вирус аныкталган жарандардын бири бүгүн, 13-апрелде каза болду. Маалыматты аталган өлкөнүн ыкчам штабынан билдирет деп жазышат казак басылмалары.

Каза болгон жаран 1979-жылы туулган Чыгыш Казакстан облусунун тургуну болгон. Муну менен вирустан каза болгондордун саны 11ге жетти. Буга чейин каза болгондор Нур-Султан, Алматы шаарларында, Шымкент, Акмола, Павлодар, Караганда, Түркестан облустарында катталган.

Бүгүнкү күнгө карата илдеттен арылгандардын саны 99га жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан