Бүгүн, 4-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анда ал жардамга муктаж адамдарга берилген жардамдар тууралуу айтты.
"Облус аймагында жалпы 88 миң 414 адам азык-түлүккө муктаж болгон. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин күчү менен 8 миң 813 адамга жардам берилди. Ал эми ишкер жарандардын жардамы менен 31 миң 830 адамга жардам көрсөтүлдү.Өкмөттөн алынган каражатты алганыбызда 50 миң 836 адамга, бардыгы болуп 92 миң 329 адамга ар кандай жардамдар берилди", - деди Мирзахмедов.
Айтымында, коронавирус менен жабыркаган 18 адам бейтапканага жаткырылган. Анын ичинен Ала-Букадан 2 жаран, Майлуу-Суу шаарынан 2, Тогуз-Тороодо 3, Чаткалда 7 жана Сузак районунан 4 жаран бейтапканага жаткарылган.
"Бул ооруканага жаткырылган жарандар айыгып чыгарылды" деп кошумчалады ал.