Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев "Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу" мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоору референдум өткөрүп, жарандар президенттик республиканы же парламенттик республиканы тандап алуусуна багытталган. Зулушевдин бул демилгеси коомчулукта кызуу талкууланып жатат.
SUPER.KG порталы "Депутаттардын бири күзүндө парламенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрөлү деп мыйзам долбоорун талкууга койду. Парламенттик башкарууну көздөй бараткан Кыргыз өлкөсүн мындай референдум кайра артка, президенттик башкарууга алып кетпейби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул мыйзам долбоору мурда эле жазылганын айтып, өзгөчө абал учуруна туш келип калганын белгиледи.
"Биз парламенттик башкарууга бараткан өлкө эмеспиз. Баш мыйзам боюнча, парламенттик-президенттик аралаш башкаруудагы өлкөбүз. Парламенттик-президенттик башкаруу, президенттик башкаруу мына 30 жылдан бери биздин мамлекетти сазга отургузду. Биз жоопкерчиликтүү бир башкарууну тандап алышыбыз зарыл. Таза парламенттик башкаруу же таза президенттик башкарууну тандашыбыз керек. Бул конституциялык реформа эмес, бул Конституциянын 2-беренесинин 3-пунктундагы олуттуу маселелер боюнча мыйзам долбоору. Кыргыз эли эмнени каалайт? Парламенттик башкаруунубу же президенттик башкаруунубу? Ошону эл тандасын деген гана мыйзам долбоору. Эл тандаган башкарууда Конституцияны жазып, биз мындай баш аламандыктан арылышыбыз шарт. Кыргыз мамлекетине биринчи жолу 2010-жылы Баш мыйзамды элдин кызыкчылыгына багыттап жазууга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок ошол да жазылбай калып, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишип, баш аламандык менен Конституция жазылып калып, бүгүн көрүп жатасыздар. Үч баш бар, парламент, президент, өкмөт, бирок жоопкерчилик эч кимде жок. Ошон үчүн жоопкерчиликти бир бийликке бериш керек.
Мыйзам долбоору өзгөчө абал учурунда чыккан жок. 19-мартта жиберилген. Анда өзгөчө кырдаал да киргизилген эмес болчу, ушул учурга туш келип калды. Бул трагедия эмес. Эл коронавирус деп эле психологиялык жактан чүнчүбөй, алаксысын. Үйүндө отурушуп, талкуу кылып, ойлорун айтышсын. Мыйзам долбоору бир ай сайтта илинип турат. Мыйзамдын кезеги бар. Ал жерди аттап өтө албайбыз. Элдин оюн угабыз. Комитетке киргизебиз, алар кабыл алабы, парламент кабыл алабы бул башка маселе. Айрымдар президентке "медвежья услуга" кылып жатат деп айтып жатышат. Бул сөздү кайсы топтор айтып жатканын түшүнүктүү. Президенттин, президенттик аппараттынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, өкмөттүн оюн билбейм да. Депутат катары 4 жылдан бери башкаруу формасын тандайлы деп айтып келе жаткан оюм. 2015-жылдагы шайлоодо "Республика-Ата-Журттун" программасында дагы бар.
Мен референдумдун өзүнчө өтүшүнө каршымын. Парламенттик шайлоо менен чогуу өтсүн деп жатам. Шайлоо менен өтсө, бюджеттен каражат үнөмдөлөт, бир ай бою депутаттыкка талапкерлер элге кайсы башкаруу формасы жагарын үгүт кылат. Шайлоо күнү эл добушун берет. Элдин чыныгы оюн байкайбыз. Биринчи жолу Кыргыз мамлекетинин тарыхында легитимдүү референдум өтөт. Бийликтин, саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы эмес, элдин оюн билебиз. Мен Кыргыз мамлекети башкаруу формасын туура тандаганда гана өнүгүү жолуна түшөбүз деп ишенем", - дейт Зулушев.