
Колумбиянын Вильявисенсио шаарында губернатордун администрациясынын имаратынын жанында мина коюлган унаа жарылып, кеминде 19 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жарылуу 23-ноябрда кечинде шаардын борборундагы Лос-Либертадорес аянтынын жанында болгон. Унаа администрациянын имаратынан 10-15 метр алыстыкта турган. Жарылуунун кесепетинен жакын жайгашкан El Samán рестораны толугу менен талкаланды.
Мета департаментинин губернатору Рафаэла Кортес кол салууну айыптап, аны уюштургандар жана ишке ашыргандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.