"Кыргызтесттин" мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатын "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук түрдө берүү сунушталды. Министрлер кабинети тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, сертификаттар негизинен электрондук форматта берилет. Ал эми тест тапшырган жарандардын жеке арызынын негизинде жана Кыргызстандын жараны болбогон адамдарга кагаз түрүндө берилет.
Кагаз түрүндөгү сертификаттарды жана тесттин жыйынтыгы тууралуу маалымкатты "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси берет.
Белгилей кетсек, учурдагы эрежелерде сертификатты кагаз түрүндө берүү каралган. Бирок иш жүзүндө 1-сентябрдан тарта сертификаттар "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук түрдө бериле баштаган. Кагаз түрүндөгү сертификаттарды берүү токтотулган.