Швецияда антисептикалык каражаттар кескин кымбаттап, баасы асманга чыкты

Коронавирус пандемиясы гигиеналык каражаттардын да кымбаттоосуна алып келди. Швецияда антисептикалык каражаттардын баасы дээрлик 10 эсе көтөрүлгөн. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып жатышат.

"Азыр башкы көйгөй, баалардын жогору болушунан дагы антисептикалык каражаттарды табуу кыйын болуп жатат" деп билдирген Швециянын Улуттук сатып алуулар борборунун кызматкери Зофия Сула.

Өлкөдөгү гигиеналык каражаттар, коргоочу костюмдар, бет кап, антисептикалык каражаттар менен камсыз кылган ишкана гигиеналык каражаттарга коронавирус пандемиясынын улам суроо-талап көп болуп жатканына байланыштуу анын баасы өскөнүн кабарлаган.

Баарынан дагы аталган каражаттардын ичинен антисептикалык каражатка болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй көп болуп жатат. Мурун 0,6 өлчөм бөтөлкөдөгү каражаттын баасы 6,61 крон болгон болсо, азыр анын баасы 70,07 крон (болжол менен 6 евро) турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asanaliev.s
2020-04-04 18:05:18
Биздикилер укпасын.
+1
sirenaaaaa
2020-04-04 18:48:11
asanaliev.s,биздикилер деле которуп коюшкан. Мен газпромдо 100сомдон кордум эле. Кийин фрунзеде 129 же 139 деп кордум, аптекадан 95сомго алдым. Бир эле фирма. Биздин озубуздун идеал фарм деген ишкана чыгарат экен
-1
Amantur_akjol
2020-04-05 09:13:31
биз жакта 170сом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан