"Күч органдары күнү-түнү иштеп жатышат, эмгегиңерди көрүп жатабыз. Кошумча акча төлөнөбү?". Коменданттын жообу (хронология, видео)

Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын коменданты, Ош облустук милициянын башчысы маалымат берүүдө. Онлайн маалымат берүүдө ал келип түшкөн суроолорго жооп берүүдө.

2020-04-05 12:25:00

"Эмгекти баалап жылуу сөз айткандарга рахмат, бизге ушул жетиштүү. Биз мекенге кызмат кылабыз. Мындан ары топтолуп алып ушакташкан, тыюуга карабай себепсиз ары-бери баскандар, туура эмес маалымат тараткандар, айтор, өзгөчө абалдын тартиптерин бузгандарга 5 миң сомдон айып салынат. Ооруга кабылганын же кимдир-бирөөгө өзүнүн ооруганын билип туруп жуктурса 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Тартип бир топ катаалдашат, мындан улам өзүңөрдү жана элди сыйлагыла, үйдө дезинфекция кылып, үйдө отуруп тургула", - деди Ош облусунун коменданты сөзүнүн аягында.

2020-04-05 12:16:00

Ноокатта обсервацияга алынган милиция кызматкери жөнүндө суроо берилди. "Ал кимдер менен байланышта болгон?" деген суроого комендант: "Учурда абал көзөмөлдө. Обсервацияга алынган бир эле милиция кызматкери эмес. Себеби алар блокпосттордо туруп жатышат, бир нече киши менен иштешип жатышат. Мындай очоктордо иштеген бардык эле биздин кызматкерлерди текшерүүдөн өткөрүп жатабыз", - деди.

2020-04-05 12:14:00

Ош облусунун коменданты азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн ээлерине кайрылды. Ал бул учурду пайдаланып, бааны кымбаттатып алуудан алыс болгула, токтоткула деген чакырык жасады. Мындай абалда элди кыйнап акча табам дегенден алыс болуңуздар деди ал.

2020-04-05 12:09:00

"Күч органдары күнү-түнү иштеп жатышат, эмгегиңерди көрүп жатабыз. Кошумча акча төлөнөбү? Силерге рахмат" деген суроо комендантка берилди. Буга Нурдин Маликов ыраазычылык айтып, күч органдары жана башка өкмөттүн өкүлдөрү бир муштумдай иштеп жатышканын айтты.

"Туура биздин кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Күнү-түнү иш жүрүүдө. Мыйзамга ылайык, өлкөгө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргенде анын тартиптерине карата иштеген күч органдарынын кызматкерлерине кошумча маяна төлөнөт. Мындан тышкары коопсуздукту, коменданттык сааттын, өзгөчө абалдын тартиптерин сактап иштеп жаткан кызматкерлерге 3 маалдан тамак берилип жатат", - деди Маликов.

2020-04-05 12:07:00

"Менин жолдошум күч органдарында иштейт, тамак-ашын жана коргонуучу каражаттар менен камсыз кылышыңарды суранабыз" деген суроо берилди. Ага комендант: "Албетте, бул сөзсүз түрдө болот. Кызуу очоктордо посттордо тургандар бул каражаттар менен гана камсыз болбой, башка постторго өтөрдө да текшерүүлөрдөн өтөт. Кам санабаңыз", - деди.

2020-04-05 12:00:00

Маалымат жыйын башталып, турмуш тиричиликке байланыштуу келип түшкөн суроолорго комендант жооп берип жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан