АКШ Түркмөнстанды коронавирус менен ооруган адамдарды жашырып жатат деп айыптады

Түркмөнстандагы АКШнын элчилиги өлкө бийлиги коронавирус жуктуруп алган адамдар тууралуу маалыматты жашырышы мүмкүн экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу элчиликтин сайтында жарыяланды.

"Азыркы тапта Түркмөнстандын бийлиги расмий түрдө өлкөдө коронавирус катталганы тууралуу маалыматтарды айта элек, катталган күндө деле айтары күмөн", - деп жазылат маалыматта.

Түркмөнстанда аба каттамдары токтоп, чек аралар жабылган. Карантин эрежелерин сактоо боюнча катуу чаралар көрүлгөн. Аталган өлкөдө карантин 20-майга чейин деп белгиленген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulya583
2020-04-17 23:57:02
АКШнын иши канча, озун билсин нары. Биздин балакетибизди алсын нары шукшуктор.
+3
Tolkun555
2020-04-18 06:43:51
АКШ Кытай Россия ушуга окшогон чон олколордун саясаты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан