Кечээ, 4-апрелде Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын республикалык штабдан маалымдашкан болчу.
Ошол эле күнү кечке жуук өзүн Гүлзада Сатылганова деп тааныштырган аялдын "Мен коронавирус менен ооруган эмесмин, эл чындыкты билиши керек" деп кайрылган видеосу интернетке тарады. Видео социалдык тармакта азыркы тапта кызуу кепке алынууда.
Ал эми кийинчерээк социалдык тармакта аялдын ооруканадан чыгып, дарыгерлер менен турган видеосу чыкты.
"Видеодо мен апамды карайм деп келгем. Өзүмө абдан ишенгем. Бирок баары башкача болду" деп айтып жатканын угууга болот.